Биз менен байланышыңыз

Жапон ассоциациясы менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 559 | 0

Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Орусия жана эгемендикти жаңы алган мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча Жапон ассоциациясынын (РОТОБО) президенти Шигеру Мураяма менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Элчи РОТОБО менен учурдагы кызматташууга канааттануусун билдирди. Ошондой эле, акыркы жылдарда РОТОБО менен биргеликте өткөрүлгөн элчиликтин бир катар иш-чараларына токтолуп, бул түптөлүп калган тажрыйбаны улантууга чакырды.

Шигеру Мураяма РОТОБОнун тарыхына кыскача токтолуп, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр менен өткөрүлүп жаткан биргелешкен иш-чаралар жана алар менен кызматташууну ишке ашыруунун куралдары жөнүндө айтып берди. Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну кеӊейтүү, бул багыттагы тоскоолдуктар жана аларды чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча да ой бөлүштү.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүүнүн ар түрдүү мехзанизмдери жөнүндө пикир алмашышып, алар боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.

Ошондой эле, 2019-2020-жылдарда бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча да бир пикирге келишти.

Copyright © 2017 Maral FM