Биз менен байланышыңыз

Эверест чокусунун айланасы таштандыга толуп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 850 | 0

Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусу таштандыга толуп кетти. Мындай маалыматты «Миррор» басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай, жакында эле Эверест чокусунун айланасын ошол жердеги 20 жашоочу тазалап, 11 тонна таштанды топтошкон. Эвересттин айланасындагы таштандылар негизинен кислород баллондору, жыртылган чатырлар, аркандар жана пластик стакандардан турат.

Ошондой эле,  төрт адамдын жасатын да табышкан. Маалым болгондой, быйыл жыл башынан бери Эверест чокусун багындырам деген 11 альпинист каза болгон. Бирок ошого карабай, Эверестке чыгууну каалаган альпинисттердин саны жыл санап өсүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM