Биз менен байланышыңыз

Шаарда жер калбады: Сингапур жер астын көздөй кеңейүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 831 | 0

Сингапурда жердин тартыштыгынан улам, шаардын инфратүзүмү жердин асты аркылуу кеңейүүдө.

Сингапур шаар-мамлекети 724 миң чарчы метр аянттагы аралда жайгашкан. Бул өлкөнүн экономикасы Чыгыш Азия боюнча эң күчтүү болуп саналгандыктан, миграциялык агым да өтө жогору. Мындан улам, Сингапурда жыл өткөн сайын жер маселеси көйгөйгө айланууда. Учурда шаар-мамлекеттин калкынын саны 5 млн. 800 миңди чамалады. Бул көрсөткүч 2030-жылга 7 миллионго жетиши мүмкүн. Андыктан, Сингапур бийлиги автопарк, соода борборлору сыяктуу имараттарды жердин астына курууну пландап жатат.

Сингапурда шаардын чети же провинция деген тушүнүк жок. Стратегиялык обьекттер да бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Мындан улам, учурда аскердик кампаларды, автотрассаларды милдеттүү түрдө жер астына салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM