Биз менен байланышыңыз

19 саат токтобостон учуу: саякаттын жаңы доору башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1281 | 0

Сингапур аба жолдору 19 саат бою токтобостон уча турган аба жолун ачышты. Мындай маалыматты Би-Би-Си жарыялады.

Дүйнөнүн жаңы рекорду боло турган Сингапур-Нью Жерси аба каттамын ташыган Qantas фирмасынын А350-900 ULR учагы Япония, Түндүк Тынч океаны, Альяска жана Канаданы басып өтүп Американын Нью Жерси шаарынын Ньюарк аба майданына конот. Бул жол жалпысынан 15 341 км аралыкты түзөт. Учак 11-октябрь күнү биринчи сапарына чыгуу алдында турат.

Сингапур аба жолдору ушул эле рейсти 2013-жылы баштоону пландаган. Бирок учуунун наркы абдан кымбат болгонуна байланыштуу токтотушкан. Кийин токтоосуз учууну каалаган жетиштүү сандагы кардарлардын талабын эске алып, компания жаңы шарттар менен бул аба жолун ачып олтурат.

Аба каттамынынын жетекчилигинин билдиришинче, барчу жерине учак алмаштырып, көп убакыт короткусу келбеген дараметтүү ишкерлер менен туристтер жетишүү. Токтоосуз учуунун кымбаттыгына карабай, пландалып жаткан биринчи учуу үчүн билеттер сатылып бүттү. Учактын шарттары жакшырып, бизнес класс жана артыкчылыктуу эконом класстарын гана камтып, 161 орундан турат. Үч маал ысык тамак жана талапка жараша кошумча азык берилип, уктоочу орундуктар менен камсыздалган.

Жогорку сапаттагы куйүүчү май менен учуучу учак Боинг 777нин майды 20%-30% га үнөмдөгөн жаңы версиясы болуп саналат. Ал 20 саат бою токтоосуз учууга ылайыкталган.

Эске сала кетсек, буга чейинки эң узак аба каттамы Катар мамлекетине таандык болуп, бул аба жолу Доха менен Жаңы Зеландиянын Окленд шаарын катыштырып, 17 саат 30 мүнөт абада жүрчү. Эксперттер Сингапур аба жолдору дүйнөлүк саякаттоонун жаңы доорун ачканын билдиришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM