Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 828 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 27-апрелде кечинде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 2,878 миллион кишиден ашып, 198,6 миң адам көз жумган. Ал эми, Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө 3,041 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 211 миңден ашык адам көз жумган.

Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ (988 миң) лидер бойдон калууда. Экинчи орунда Испания (229,4 миң), үчүнчү орунда Италия (199,4 миң), Франция төртүнчү (165,9 миң), Германия бешинчи (158,7 миң). 27-апрелде Орусия илдетти жуктргандардын саны боюнча Кытайдан озуп, тогузунчу орунга жеткен.

БУУнун эксперттери пандемиядан келип чыккан кризистен кийин дүйнөдө жумушсуздуктун жана жакырчылыктын «тарыхый» деңгээлин болжолдошкон.

2020-жылдын экинчи чейрегинде 195 миллион адам жумушсуз калышы мүмкүн. Уюмдун отчетунда «Эски нормага кайтып келбейт» деп айтылат.

Сингапур окумуштуулары Орусиядагы COVID-19 пандемиясынын акыркы күнүн болжолдуу эсептешти. Алардын айтымында, Орусияда коронавирус инфекциясы 20-июнга чейин бүтөт. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, 20-майга чейин Орусияда коронавирус оорусунун 97%, 28-майда 99%, 20-июнга чейин 100% айыгып, андан кийин инфекциянын жаңы учурлары катталбайт.

28-апрелге карата Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 87,1 миңге жетти. Алардын ичинен 7346 адам айыгып, 794 адам каза болду.

Сингапур окумуштуулары Орто Азияда эпидемиянын качан бүтөөрүн божомолдуу айтышты

Copyright © 2017 Maral FM