Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан билим берүү тармагында Сингапур менен кызматташат

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 982 | 0

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Сингапурдан келген делегация менен билим берүү жаатында эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Сингапур Билим берүү министрлигинин өкүлү Тео Чор Кхай өз өлкөсүндөгү билим берүү системасын дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыгарган реформалык тажрыйба боюнча айтып берди. Ал ошондой эле, Сингапурда балдардын билим алуусу эң биринчи орунда турарын айтты.

Жолугушуунун соңунда эки тарап мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууга макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM