Биз менен байланышыңыз

Ири суммадагы материалдык зыян келтирген жаран кармалды

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 454 | 0

Алдамчылык жолу менен материалдык зыян келтирди деп шектелип Баткен облусунун Кадамжай районунун 1963-жылы туулган жашоочусу З. А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, аталган жарандын үстүнөн 2018-жылы алдоо жолу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, жалпы суммасы 76 000 сомдук алтын жасалгаларын алып, качып кеткени тууралуу арыз түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Андан сырткары, ички иштер органдарына Кадамжай районунун дагы бир тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 2014-жылы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу жабырлануучунун 350 миң сомун алып, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканы жазылган.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка да кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM