Биз менен байланышыңыз

Канатбек Азиз Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрага орун басары болду

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 994 | 0

«Ата Мекен» саясий партиясынын мурдагы юристи Канатбек Азиз өлкөнүн Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кол койгонун Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Канатбек Азиз буга чейин Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген. Андан кийин Миграция боюнча мамлекеттик агенттигине кызматка которулган.

Copyright © 2017 Maral FM