Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Туризмди өнүктүрүүгө так көз караш болушу керек

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 592 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы боюнча кеңешме өткөрдү. Мындай кабарды Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн жыл ичиндеги туристтик потенциалын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу үчүн туризм тармагын өнүктүрүүнүн жалпы багыттарын аныктаган жаңы стандарттар жана механизмдер менен иштеп баштоо зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекеттин бардык ресурстарын мобилизациялап, туризмдин өнүгүүсүнө күчтүү өбөлгө берүү боюнча так көз караш болушу керек, жаңы туристтик багыттарды аныктап, жаңы бизнес-куралдарды киргизүү зарыл. Жашоочулар туризмди илгерилетүүгө активдүү катыша ала турган туристтик объекттер мүмкүндүккө жараша ар бир айылда түзүлүшү кажет. Өнүккөн өлкөлөрдө туризмдин үлүшү 12-13 %га жетет, бизде бул көрсөткүч 5 %га барабар. Бул көрсөткүчтү 7-8 %га чейин жеткирүүгө тийишпиз», — деди премьер-министр.

Өз кезегинде «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков иштин негизги багыттарын атады. Алардын катарында өткөрүп берилген мамлекеттик туристтик объекттерди натыйжалуу башкаруу иштээрин, туризм жаатында артыкчылыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну, токой чарбаларынын аймактарында жаңы туристтик каттамдарды иштеп чыгууну, аймактарда туристтик чөлкөм түзүү үчүн келечектүү жерлерге мониторинг жүргүзүү жана талдоону, стандарттарды жана окутуу тутумун киргизүү аркылуу туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууну белгиледи.

Ал ошондой эле, маркетингдик борборду түзүү боюнча долбоордук сунушту даярдап койгонун кошумчалады.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча долбоордук сунуштарды бир айлык мөөнөттө сапаттуу иштеп чыгууну, уюмду каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM