Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Жигердүү жаштарды бир клубга чогултуу нитебиз бар

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 376 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн Бишкек техникалык колледжинин студенттери жана эмгек жамааты менен жолукту. Жолугушуу эркин форматта, кызыктуу өткөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Парламенттеги жаштар өкүлү катары жаштар менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп туруу керек», — дейт ал өз билдирүүсүндө.

Депутат саясат, коомдук турмуштун бардын тармагынан кабардар жаштардын барлыгы жагымдуу көрүнүш экенин белгилеп, «Жаштар менен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкууладык. Бишкек техникалык колледжинин акылы тунук, зирек жаштары, болочоктогу IT адистери, тоо-кенчилер, баарыңарга рахмат! Сентябрдан тарта жигердүү жаштардын баарын бир клубга чогултуу нитебиз бар», — деди.

Copyright © 2017 Maral FM