Биз менен байланышыңыз

Молдалиев: Түрк элчиси Кыргызстандын жараны катары жүрүп калды

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 431 | 0

Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат өзүнүн кызматын унутуп, Кыргызстандын жараны катары жүрүп калды. Мындай бааны саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Ал Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарда муфтийге жасаган корс мамилесин да эске салды.

— Чыр-чатак чыккан жерге барып, аралашканга кандай тиешеси бар? Ал жердегилер биздин жарандар. Түрк улутундагы, жарандыгындагы адамдар болгон чакта да ал өлкөнүн ички маселеси болуп саналат.

Түрк элчиси ал жерге кол астындагы кызматкеринин жардам сурап кайрылганынан улам барганын айткан. Орозбек Молдалиев жарандык иштер үчүн консулду жөнөтпөй, элчинин өзүнүн барганын да сынга алды.

— Бул Түркиядан жакшы сөздөрдү угуп жатат окшойт. Кайсы жерде эмне болсо эле, ошол жакта жүрүп калды. Ага Тышкы иштер министрлиги сылык мамиле жасап жатат, — деди Молдалиев.

Кошумчалай кетсек, 5-июнь күнү Сокулук районунун тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси  Женгиз Камил Фыраттын да барганы маалым болуп, социалдык тармакта талкуу жараткан.

Женгиз Фыраттын Ороктогу жаңжал чыккан жерге барганы талкууга түштү

Copyright © 2017 Maral FM