Биз менен байланышыңыз

Аманкулов актанып, коомчулук кооптонду

Кыска кабар , Саясат | 26 Сен 2020 | 1205 | 0

Бүгүн социалдык тармактарда «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун Орусиянын курамына кирүү боюнча айткан видеосу тарады. Анда партлидер өзүн «Биримдиктин» өкүлү катары тааныштырып, партиянын идеологиясын, багытын айтат. Эгемендүүлүктү алганыбыздан бери 30 жыл өтүп, «бул мезгил артка кайтууга убакыт келгенин көрсөттү» деп билдирген.

— Биз жаңы партия түздүк — «Биримдик» Евразиялык тандоо, демократиялык-социализм партиясы. Мен бул партиянын өкүлү болом. Биздин партиянын идеологиясы — Евразия, биз бул жакка умтулабыз. 30 жылдык эгемендигибиз бизге көрсөттү: ойлонууга жана кайтып келүүгө убакыт келди, — деп кайрылган Аманкулов.

«Биримдиктин» лидеринин Орусия менен биригүү тууралуу айткан видеосу тарады

Бул коомчулуктун сынына кабылып, аны чыккынчылык катары баалап жатышат. Бирок бүгүн Марат Аманкулов билдирүү таратып, анда бул атайын шайлоо алдындагы уюштурулган каралоо экенин айтып, актанды.

Талапкер тарап жаткан видеону атайын чагымчылдык максатта толук видеодон кыркып алганын, муну башка партиялар атайын шайлоо алдында таратып жатканын айтат. Жолугушуу 2019-жылы, Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылынын алдында Москва шаарында болуп өткөн. Аманкулов сүйлөгөн сөзү Мамлекеттик думанын депутаты Иван Белековдун сөзүнө жооп болгонуна ишендирет.

Мен Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Мамдуманын депутаты Иван Белековдун сүйлөгөн сөзүнө жооп бергем. Ал биздин жалпы тарыхыбыз жөнүндө, кыргыздардын жана Евразия элинин тарых-таржымалы, евразиялык тарыхта Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын орду тууралуу сүйлөгөн. Шайлоо алдында айрым саясий күчтөрдүн үгүт кампаниялары менин жообумдан үзүндү кыркып алып, каралоого аракет кылып жатышат. «Биримдик» партиясы патриоттук платформасында негизделип, биздин эң башкы баалуулугубуз — көз карандысыздыгыбыз. Эгемендүүлүк — элибиздин эң улуу жетишкендиги, — деп билдирет Аманкулов.

Бирок депутаттын Москвадагы жолугушууда сүйлөгөн сөзү таң каларлык эмес. Анткени, «Биримдик» тандаган идеология, программа «Единая Россия» партиясынан көчүрүлүп, ошолорго ыктаган. Мындай пикирди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Марал» радиосуна билдирди.

Биринчиден, ал киши кошулабыз деп айткан болсо эле биз кошулуп калбайбыз. Экинчиден, ага ким кылмыш ишин козгомок эле. Ал үчүн биринчи арыз болуп, анан аны тилчилер териштириши керек. Бизде кээ бирлер ушундай, улуу элдин тукумун көргөндө эле куйругун шыйпаңдатып «биз андайбыз, мындайбыз» деп алдында жатып калат да. Эгемендиктен айлансын булар, — дейт Молдалиев.

Аманкулов буга чейин 2008-2012-жылы өткөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо КСДП партиясынан талапкерлигин көрсөтүп, депутат болгон. 2015-жылы ушул эле партия менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал быйылкы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын 11-катарында бара жатат.

4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага 16 партия ат салышып жатат. Партиялар шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайыздан көп добушун алса, парламентке келет.

Copyright © 2017 Maral FM