Биз менен байланышыңыз

«Биримдиктин» лидеринин Орусия менен биригүү тууралуу айткан видеосу тарады

Кыска кабар , Саясат | 26 Сен 2020 | 4434 | 0

Социалдык тармактарда «Биримдик» партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун Москвада Орусиянын өкүлдөрү менен жолугуп жаткандагы сөзү деген видео тарады.

Ал тасмада Аманкулов 30 жыл эгемен өлкө болгонубуз менен эми Орусиянын карамагына кайтууга убакыт келгенин айтат.

Биз жаңы партия түздүк — «Биримдик» Евразиялык тандоо, демократиялык-социализм партиясы. Мен бул партиянын өкүлү болом. Биздин партиянын идеологиясы — Евразия, биз бул жакка умтулабыз. 30 жылдык эгемендигибиз бизге көрсөттү: ойлонууга жана кайтып келүүгө убакыт келди, — деп кайрылган жыйындын катышуучуларына.

Ал эгемендүүлүк жакшы экенин, бирок ошентсе да «кайтууга» убакыт келгенин дагы бир жолу кайталаган.

Аманкулов катышкан бул жыйын качан болгону белгисиз, бирок социалдык тармактарда акыркы күндөрү талкууга түштү. Анда кыргызстандыктар эч качан Орусиянын карамагына кирбестигин билдирип жатышат.

Аманкулов 6-чакырылышта «КСДП» партиясынан депутат болуп келген, бул жолкусунда «Биримдик» партиясынын тизмесинде 11-катарда бара жатат. Буга чейин коомчулукта анын Атамбаев жөнүндө айткан сөздөрүн дагы сындап келишкен.

Анда депутат 2020-жылкы шайлоого «КСДП» партиясы менен бара турганын айтып, аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектей турганын, ал — партиянын желеги, ансыз «КСДП» партия эместигин билдирген.

Орусиянын карамагына кирүү маселесин кыргызстандыктар талкуулап жатканын буга чейин мурдагы элчи Раимкул Аттокуров да орус телеканалдарынын бирине берген маегинде билдирген эле. Кыргыз коомчулугу аны терс кабыл алып, «улут душманы» катары сыпаттаган.

Кул мүнөз. Кыргыздар айбан өздөрүн башкара албайт ошон үчүн Орусияга кошулуш керек дейт.

Опубликовано БеспределKG Пятница, 25 сентября 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM