Биз менен байланышыңыз

Женгиз Фыраттын Ороктогу жаңжал чыккан жерге барганы талкууга түштү

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 2890 | 1

Сокулук районунун Орок айылында чыккан жаңжалдан кийин Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Фыраттын жергиликтүүлөр менен жолукканы талкуу жаратты. Социалдык тармакта бул Кыргызстандын ички маселеси экенин айтып, ал жакта жашаган түрк улутундагы жарандар да кыргызстандык экенин белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бул окуяга терс пикирин билдирип, Ички иштер министрлигине кайрылган.

Түрк элчиси биздин Сокулукта эмне жоготуп алды? 👀 Ал адамды эсине келтире тургандар жок окшойт. Байкеси жергиликтүү эл…

Опубликовано Эльвира Сурабалдиева Среда, 5 июня 2019 г.

Кошумчалай кетсек 5-июнь күнү Орок айылында эрте менен үч бала уруша кетип, экөөсү бирөөсүн сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген, учурда абалы туруктуу.

Ички иштер министрлиги бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси боюнча каттады.
Ал эми шектүүлөр 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. аттуу жарандар убактылуу жайга киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM