Биз менен байланышыңыз

Салиев: Көп улуттуу райондордо атайын коомдук кеңештер түзүлгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 449 | 0

Кыргызстанда 80ден ашык улут бар. Мындай маалыматты Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бахтияр Салиев  «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анда ал Сокулук району эң көп улуттуу аймак болуп саналарын белгиледи.

— Ал жерде коомдук консултативдик кеңеш бар. Ага жергиликтүү жаштар, аксакалдар, аялдар коомунан жана райондун казысы кирген. Алар ар кандай пикир келишпестик чыккан учурда барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Буга чейинки окуялар ушул жол менен эле жөнгө салынып келген, — дейт Салиев.

Мындай көйгөй Сокулук, Аламүдүн районунда да болуп келгенин кошумчалады. Жадагалса, Чүй облусунун ички миграциясында да мындай окуялар болуп келгенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, агенттик тарабынан өлкөдөгү 23 көп улуттуу райондо коомдук кабылдама иштейт. Ал жерде жооптуу катчы дайындалып, ар жума сайын кылган жумуштары боюнча отчёт берип турат.

Copyright © 2017 Maral FM