Биз менен байланышыңыз

Март айында «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форуму өтөт

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 471 | 0

Ушул жылдын март айында «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аталышындагы экинчи форум өтөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи форум 2019-жылдын февралында өткөн.

Экинчи форумдун ишине жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, аймактардагы ишкерлер, донор уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

12 тема боюнча талкуунун жүрүшү күтүлүүдө: аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү, инфратүзүмдүк өнүгүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, жергиликтүү бийликтердин ишин санариптештирүү, балдарды социалдык колдоо жана башкалар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев билдиргендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин автоматташтыруу максатында 8 айыл өкмөтүндө «Санарип аймак» долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу башталды. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин «Санарип аймакты»өлкөнүн 484 айыл өкмөтүнө толугу менен киргизүү мерчемделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM