Биз менен байланышыңыз

Салиев: Чыр-чатак чыккан жерге түрк элчисинин барганы туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 802 | 0

Орок жана Жаңы-Жер айылындагы чыр-чатак чыккан жерге Түркиянын элчисинин барганы туура эмес болгон. Мындай пикирин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бахтияр Салиев «Марал» радиосуна билдирди.

-Өкмөттүн өкүлү катары эмес, Кыргызстандын жараны катары бул аракетти туура эмес деп эсептейм. Түркияда да этникалык кыргыздар жашайт. Аларда ич ара чатак чыкса, Кыргызстандын элчисинин барып аралашканы туура эмес болот. Анткени, эл аралык нормалар, дипломаттык этикет деген түшүнүктөр бар.

Кошумчалай кетсек, 5-июнь күнү Сокулук районунун тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын да барганы маалым болуп, социалдык тармакта талкуу жараткан. Элчи ал жакка жардам сурап кайрылган кол астындагы кызматкерин алып кетүү үчүн гана барганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM