Биз менен байланышыңыз

Биринчи жолу балдар үчүн эл аралык «Обон» музыкалык сынагы өтөт

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 576 | 0

Бишкекте биринчи жолу “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата балдар үчүн эл аралык «Обон» музыкалык кароо сынагы өткөрүлөт. Расмий салтанат 29 — февралда 14:00дө П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин тарбиялануучулары жана Казакстандын А.Жубанов атындагы таланттуу балдардын музыкалык мектебинин “Giovanni talenti” балдар камералык оркестринин концерти менен ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Сынакка 5 жаштан 15 жашка чейинки жаш таланттар катышып, 29 — февралдан 5 — мартка чейин өтөт. Сынактар фортепиано, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана улуттук аспаптар боюнча өтүп, кенже жана улук группаларга бөлүнүп, 2 тур менен жыйынтыкталат.

Иш чаранын негизги максаты профессионалдык балдар музыкалык мектебинин билим берүүсүн өнүктүрүү жана өстүрүү, балдардын чыгармачылык изденүүсүн аныктоо жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана таланттуу жаш музыканттарды өлкөнүн маданий иш чараларына активдүү катышууга тартуу.

Сынакка Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен жана Кыргызстандын аймактарынан да жаш таланттар катышат.

Жеңүүчүлөр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин диплому, эл аралык сынактын лауреаты жана дипломанты ысымы ыйгарылып, атайын белектер менен сыйланат.

Мындан сырткары, эл аралык сынактын алкагында коңшу мамлекеттердин чебер музыканттарынын мастер класстары өтүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM