Биз менен байланышыңыз

Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 670 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Кыргызстан Элдери ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаевди жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Этникалар аралык мамилелер жаатында мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы жарандык тынчтык жана этникалар аралык ынтымак кандай гана мамлекеттин болбосун туруктуу өнүгүшүнүн зарыл шарттары экенин өзгөчө белгиледи. Элдин биримдигин бекемдеп, Кыргызстандын этникалык көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле, президент коомду бириктирүүдө, элдин ынтымагын жана жарандык жалпылыгын бекемдөөдө Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өзгөчө ролун белгиледи.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев президентке окумуштуулардын жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана биримдикти бекемдөөгө ар тараптан көмөктөшүү боюнча жаңы улуттук документти иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM