Биз менен байланышыңыз

«Этностор аралык мамилелер боюнча агенттикте мониторингди жакшыртуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 566 | 0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттикте аналитикалык бөлүм болушу керек. Мындай сунушун саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Марал» радиосуна маек берип жатып билдирди. Анын белгилешинче, агенттик өлкө боюнча мониторинг жүргүзүп, алдын алуу аракеттерин көрүү керек.

— Өкмөттүк эмес уюмдар менен да кызматташып туруу керек. 2010-жылы биз бул тажырыйбаны колдонгонбуз. Бардык бейөкмөт уюмга кат жазып турганбыз. Ички иштер министрлигинен мурун маалыматтар бизге келчү эле.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев 2014-жылы мониторинг борбору ачылганын, ал бюджеттен каржыланбай турганын айтты. Аймактардагы аналитиктер кайсы аймакта кайсы улуттагылар бар экенин, чыр-чатактын себептерин изилдешерин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM