Биз менен байланышыңыз

Молдокматов Абдраимовдун мыйзам бузууларын санап берди

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 2241 | 0

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен мамлекеттик кызматкерлердин ортосундагы мамилени тескей турган мыйзам бар. Ага ылайык, Орок айылындагы чырда Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун сөзү премьер-министрдин күзгүсү болуп эсептелет. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

-Абдраимов курчуган кырдаалды жөнгө салуунун ордуна журналистке орой мамиле жасаганын адепсиздик, өкмөттүк жалпы мамлекеттик бийлик түзүмүнө кетирген доосу деп эсептейм.

Молдокматов Башмыйзамга таянып, Абдраимовдун мыйзам бузганын санап өттү. Анда Конституциянын 16-беренесинде ар бир жаран расасына, динине, түзүлүшүнө карап басмырланбай тургандыгы айтылган.  Ал эми 33-беренесинде ар бир жаран маалымат алууга укуктуу экендиги айтылганын белгиледи.

— Демек, бул мыйзамды ишке ашыра тургандар – мамлекеттик кызматкерлер, өкмөт өкүлдөрү. Журналисттердин кесиптик ишин жүргүзүү боюнча мыйзам да бар. 4-беренесинде кандай журналист болбосун, ал керектүү мамлекеттик маалыматты алууга укуктуу экендиги, ага маалымат берилиши керектиги айтылган. Андан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жөнүндө кодекс да бар. Ал мыйзамда кызматкер чынчыл, ачык болушу керектиги жазылган.

Жаңы кабыл алынган кодекстерде мамлекеттик кызматкерди 1-2 жылга кызматтан четтетүүгө, же болбосо 300-600 миң сомго айыпка жыгууга да болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM