Биз менен байланышыңыз

Аспеков: Абдраимов буга чейин да бир журналистке кол көтөргөн

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 595 | 0

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ыңгайсыз суроо берилгени үчүн журналистке орой мамиле жасаган. Мындай маалыматты «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков «Марал» радиосуна маек берип жатып айтты.

Анда журналист өкмөттүн өкүлүнүн Ороктогу окуя болгон жерге качан келгенин сураган. Ага чейин үйлөрдүн терезелери талкаланып, өрттөлүп, атайын күч органдары барган. Аспековдун айтымында, Абдраимов кечки 6-7лер чамасында кечигип барганы үчүн жооп берүүдөн качып, журналистке орой мамиле жасаган.

— Муну митингдин жүрүшүндө тастыктадык. Видеосунда да жүрөт. Биз журналисттер менен чогулуп, Абдраимовду администрациянын имаратында бир жарым саат күтүп отурдук. Анын берген жообу мени канааттандырган жок. Себеби, көп сандагы журналист барса да, катасын мойнуна албай, аларды дагы эле коркутуу аракетинде болду. Ал буга чейин журналист Аслан Сартбаевге кол көтөргөнүн да билебиз.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районундагы окуя тууралуу сураган журналистти келекелеген видеосу тараган. Анда Абдраимов журналистке «келбетиңиз мага жакпай турат, ошого жооп бербейм» деп жооп кайтарган. Буга байланыштуу журналисттер 6-июнда Чүй облустук администрациясына митингге да чогулушту. Өкмөттүн өкүлү айткан сөзү үчүн кечирим сурабай турганын билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча билдирүү жасап, болгон окуяга өкүнгөнүн, Абдраимовдун аракетине баа берилерин кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM