Биз менен байланышыңыз

«Аспековдун күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 779 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде пара менен кармалган Мелис Аспековдон кабар алганын билдирди. Жолугушууда Аспеков сот, тергөөчүлөр тарабынан укугу тебеленип жатканын айкан.

«Албетте, мен көңүл бурушум керек, тергөөчүгө, прокурорго кайрылам. Алардын жообун алып, кийинки жолукканда айтып турушум керек. Бул бир гана Аспековго эмес, башкаларга да тиешелүү. Бүгүн биз прокурордун да, соттун да, президенттин да укугун алып, «тигини бошотуп кой, муну чыгарып кой» деп өзүбүзчө баатыр боло беребиз. Бирок бардык жерде мыйзам үстөмдүгү болушу керек. Тилекке каршы, азыркы тапта кимдин тарапташтары көп болсо, көчөгө кыйкырып чыкса, ошол жеңип кетүүдө. Бул туура эмес. Эмне болсо да акыйкаттык болушу шарт», — дейт Мамытов.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзамдарга ылайык, Акыйкатчы институ сот жана тергөө процессине катышууга укуктуу эмес.

Жапаров Мелис Аспековдун кармалганы боюнча комментарий берди

Мелис Аспековдун иниси: Агамдын күнөөсү жок

Copyright © 2017 Maral FM