Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мелис Аспековдун ур-токмокко алынганы чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 839 | 0

Активист Мелис Аспеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө абагында ур-токмокко алынганы жана тергөө абагынын кызматкерлери кыйноого алып жатканы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган маалыматка текшерүү жүргүзүлүп, Аспеков жаракат алганы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр ушул жылдын март айынын башында тартылганы аныкталды.

Аспековдун өзүнүн айтымында, ал ушул жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алганын айткан.

Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Ага ушул жылдын 11-мартындагы түзүлгөн Акт күбө болуп турат.

УКМК Мелис Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары баалайт.

Ушул жылдын 7-мартындагы жана 11-мартындагы актылар:

Эске салсак, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган жарандык активист Мелис Аспеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсундо кыйноолорго кабылганын билдирип, эки буту көгөргөн сүрөттөрдү Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM