Биз менен байланышыңыз

Галина Байтерек активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө үн катты

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 980 | 0

Садыр Жапаров кезексиз президенттик шайлоо өнөктүгүнө экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек «24.kg» маалымат агенттигине билдирген.

Галина Байтеректин айтымында, бул таптакыр калп жана туура эмес маалымат.

«Мелис Аспеков мындай билдирүүлөрү менен коомду адаштырып жатат. Мындай болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Анын сөздөрүнө олуттуу деле маани бербөө керек. Акча талап кылып камакка алынганын эске салсак жетиштүү болот. Мындай айыптоодон кийин анын айткандарына кантип ишенесиң?» — деп жооп берген Галина Байтерек.

Эске салсак, жарандык активист Мелис Аспеков бүгүн, 14-майда Садыр Жапаров кезексиз президенттик шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алганын жана анын Чүй облустук шайлоо штабын жетектеп жүргөндө көп иштерге күбө болгонун билдирген маалымат жарыялаган.

Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Ошондой эле ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин СИЗОсундо кыйноолорго кабылганын билдирип, эки буту көгөргөн сүрөттөрдү Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM