Биз менен байланышыңыз

Галина Байтерек Президенттин басма сөз катчылыгынан кетти

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 824 | 0

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Ошондой эле бошогон орунга Президенттин аппаратынын өкүлү Эрбол Султанбаев дайындалганы айтылууда.

Биз маалыматты тактоо үчүн Галина Байтерек менен Эрбол Султанбаевге байланыша алган жокпуз.

Эске салсак, Галина Байтерек 2020-жылдын октябрында Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Тийиштүү Жарлыкка ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон болчу.

Галина Байтерек КТРК телеканалынын алып баруучусу, көптөн бери ушул телеканалда иштеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM