Биз менен байланышыңыз

Мелис Аспековдун иниси: Агамдын күнөөсү жок

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 711 | 0

Жарандык активист, пара алууга шектелип кармалган Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков агасынын эч кимге каршы арыз бербегенин билдирди. Бүгүн маалымат жыйында Аспековдун иниси жана жактоочусу анын күнөөсү жоктугун айтышты.

«Агамдын күнөөсү жок. Арыздануучу тарап менин агама каршы арыз жазган эмес. Ал Жураевге каршы жазган. Ошондой эле Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени да жалган. Агам адилеттүү чечим чыгарына ишенет», — дейт Азамат Аспеков.

Ал ошондой эле Мелис Аспековго таандык мүлктөр тууралуу маалымат берди.

«Үй шайлоо өнөктүгү учурунда ижарага алынган. Ал эми «Лексус» унаасын чакан бизнеси бар, ошондон түшкөн каражатка алган. Ал батирлерди алып, оңдоп кайра сатып, ишкердик кылат. Ошондой эле айылда мал чарбабыз бар. Жанынан табылган акча боюнча, ал акча — өзүнүн каражаты. Ал жерде болгону 5000 доллар болгон, 50 миң доллар деген жалган».

Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаеванын маалыматына караганда, Аспеков өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча бир эле жолу сурак берген.

18-январда Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалымат тараган. Аны УКМК четке каккан.

Мелис Аспеков жана Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотун Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM