Биз менен байланышыңыз

Курманкулов: Ишемби күнү Орок айлынын тургундары чогулат

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2019 | 650 | 0

8-июнь, Ишемби күнү Орок айлынын тургундары чогулуп, болгон окуяны кеңири талдап, социалдык маселелерди чечүүгө макулдашышты. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңжалдан соң Орок айылынын аксакалдары чогулуп, тургундарды сабырдуулукка чакырып, бири-бирин кечиришти. Мындан улам, милиция кармап кеткен 31 бала ошол күнү эле коё берилген. Ал эми жабырлануучулар: «Терезе табылат, ынтымак табылбайт», — деп милицияга тосмо арыз менен кайрылышкан.

«Орок элинин буга чейин да социалдык маселелер, мандат талашуу сыяктуу көйгөйлөрү бар экен. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Ал убакта 60тай бала чогулуп калган. Баланын чоң атасы ачуу сөз айтканынан улам, балдар 12 үйдүн терезесин талкалап салды. Негизиси биз улуттук жаңжал чыгарган жокпуз. Жаш балдарды токтотпосок, мындан да көп чыр чыкмак. Бейбаштык кылгандардын баары кармалды. Аларды улутуна карап бөлгөн жокпуз», — дейт Курманкулов.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен бир нече үйдүн терезеси талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM