Биз менен байланышыңыз

Курманкулов: Ороктогу чырга шектелген Кылыч Боркоев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2019 | 610 | 0

Орок айылындагы чырга шектелип жаткан Жергиликтүү Кеңештин депутаты Кылыч Боркоевдин баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Боркоев ушул жылдын март айында да азербайжан улутундагы адам менен урушкан.

Ал эми кыргыз баланы сабап койгон азербайжан улутундагы 2 бала окуя болгон күнү Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, кийин убактылуу кармоочу жайга которулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү эртең мененки саат 8 жарымда Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнө Орок айлында балдар мушташып жатканы тууралуу кабар келген. Милиция кызматкерлери дароо Орокко барып, көзөмөлгө алган. Азербайжан улутундагы 2 бала 2003-жылы туулган Тимур атты кыргыз баланы сабап койгон. Тимур 2 сааттын ичинде оооруканага жеткирилип, кылмышка шектүүлөр камакка алынган.

Курманкулов Ороктогу жаңжалды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүү коркунучу жаралганын, бирок милиция ага жол бербей, чырды жөнгө салганын белгиледи.

«Үчүнчү күчтөр, тагыраагы, өлкө ынтымагын бузуу максатында окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган адамдар болушу мүмкүн. Кечээ эле элдиштирүү маалында мас балдар келип кыйкырып баштады. Мындан сырткары, түрдүү саясий күчтөр аралашып кетүүсү ыктымал эле», — дейт Курманкулов.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөө бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен бир нече үйдүн терезеси талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM