Биз менен байланышыңыз

1-октябрдан тартып бардык айыл өкмөттөрү санариптик платформага өтөт

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 627 | 0

«2020-жылдын 1-октябрынан тартып бардык айыл өкмөттөрүн санариптик платформага өткөрүүнү камсыздап, «Санарип аймак» долбоорун масштабдуу ишке киргизебиз. Саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык өнүгүү объекттеринин 80% интернет менен камсыздалат. Бирдиктүү санариптик платформаны түзүү келечекте бүт республика боюнча пландаштыруунун бирдиктүү санариптик картасын түзүп чыгууга мүмкүндүк берет”, – деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы аткарылышынын жыйынтыктары каралып жаткан Өкмөттүн жыйынында.

Өкмөт башчынын айтымында, азыр айрым жетекчилер санариптештирүү маселесине жакшы көңүл бурбай жатат.

Ал ошондой аймактык санарип инфраструктураны, санарип экономикага шарт түзө турган компоненти бар «Digital Casa — Кыргызстан» долбоорун ишке ашырууну эске салды.

Бул долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 50 млн доллар берүүдө, анын жарымы кредит болсо, экинчи жарымы грант.

Copyright © 2017 Maral FM