Биз менен байланышыңыз

Салиев: Балдарыбызга башка улуттагылар менен мамиле курууну үйрөтүшүбүз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 490 | 0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бахтияр Салиев Орок жана Жаңы-Жер айылындагы чыр-чатак боюнча пикирин билдирди. Ал «Марал» радиосуна берген маегинде турмуштук эле пикир келишпестиктерди этникалык чыр чыкты деген туура эмес экенин белгиледи. Ошол себептен, жаштарга туура тарбия берүү үй-бүлөдөн башталышы керектигин айтты.

— Балдарга кошуна, тууган-урук, башка улуттун жараны менен жакын мамиледе болууну үйрөтүшүбүз керек. Социалдык тармактарда башка улуттар тууралуу терс пикирлер айтылып, «кетириш керек» дегендер болуп жатат. Окуя болгон аймакта жашаган 4 үй-бүлөнү кууп чыгалы дегенге чейин барышты. Бирок биз — баарыбыз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Алардын да Башмыйзамда каралган укугу, милдеттери бар.  

Андан тышкары, кыргыз элинин өзүнүн дипломатиясы бар экенин, тарыхты, салтты эске алып, башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курууда бөлөк өлкөлөргө үлгү болуу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөөсү бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланган.

Окуя болгон жерде күч органдары абалды курчутпоо аракетин көрүп жатышканы да кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM