Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен келет

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 896 | 0

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Визиттин алкагында 20 документке кол коюлары күтүүлүүдө.

Ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча биргелешкен декларация негизги документ катары саналат. Ошондой эле, мамлекеттик сапардын алкагында бизнес-форум пландалганы айтылды.

Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 13-14-июнь күндөрү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM