Биз менен байланышыңыз

Президент Си Цзиньпинге кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 721 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

«2020-жылдын 4-апрелинде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатынын өткөрүлүшүнө байланыштуу Сизге жана жалпы Кытай элине чын дилимден көңүл айтууга жана ооругандардын тезинен айыгып чыгышына каалоо айтууга уруксат этиңиз.

Биздин өлкөлөр ортосунда достук, ынтымак жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү толук өз ара түшүнүшүү бар экенине дагы бир жолу ишендирип кетким келет», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге жана кытай элине учурдагы кыйын күндөрдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM