Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Кытайдын маанилүү келишими дагы 5 жылга узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 692 | 0

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кытай менен Орусия «Тыгыз коңшулук, достук жана кызматташтык» келишимин автоматтык түрдө дагы беш жылга узартууга макулдашканын билдирди.

Министр белгилегендей, акыркы 20 жыл ичинде бул келишим Москва менен Пекиндин ортосундагы мамилелерди сергек, туруктуу өнүктүрүүнүн бекем укуктук негизин түздү, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди оптималдаштырууга жана жаңылоого өбөлгө болду.

«Биз бул келишимди автоматтык түрдө узартууга макулдук бердик жана ага мезгил-мезгили менен жаңы мазмунду кошуп турушубуз керек. Ошондо ал Орусия-Кытай мамилелеринин жаңы шарттарына ыңгайлашып кетет», — деди Ванг Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү учурунда.

Ошондой эле ал бул келишим эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген оюн билдирди.

Документке 2001-жылдын 16-июлунда Орусиянын Президенти Владимир Путин жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин кол койгон.

Документ 2002-жылдын 28-февралында ратификацияланган. Ал автоматтык түрдө беш жылдык жаңыланууну камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM