Биз менен байланышыңыз

Кытай коронавирус вакцинасын алгач Африкага жеткирүүгө убада кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 646 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин коронавирус вакцинасын иштеп чыккандан кийин Африка өлкөлөрүнө алгачкылардан болуп берүүгө убада берди.

-Кытай коронавирустук вакцинаны иштеп чыгып, колдонгондон кийин, аны биринчилерден болуп Африка өлкөлөрү колдоноруна убада берет, — деди Си Цзиньпин.

Кытай президенти Африка мамлекеттеринин ортосундагы коронавируска каршы биргелешип күрөшүү боюнча видео конференцияда ушундай билдирүү жасады.

Си Цзиньпин Пекин Кытай-Африка достук ооруканаларын курууну тездетип, Кытай менен Африка ооруканаларынын ортосундагы кызматташтыкты активдештире тургандыгын белгиледи.

Буга чейин Кытай дүйнөгө коронавирус вакцинасын берүүнү пландап жаткандыгын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM