Биз менен байланышыңыз

Цзиньпин БУУну коронавирусту саясатташтыруу аракетин токтотууга чакырды

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2020 | 630 | 0

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө өлкөлөр биригип, пандемияны саясатташтыруу аракеттерине жол бербеши керек. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө билдирди. Уктуруу уюмдун YouTube баракчасында орун алды.

«Тилектештигибизди чыңдап, вируска каршы туруп, аны менен биргеликте күрөшүшүбүз керек. Бул маселени саясатташтыруу же бренд кылуу аракеттеринен баш тартуу зарыл», — деди кытай лидери.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзүнүн жетектөөчү ролун көтөрүп, вируска каршы күрөшүүнүн эл аралык механизмин ишке киргизиши кажет.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө дагы бир жолу Кытайды коронавирус пандемиясы үчүн жоопко тартууга чакырган.

Трамп Пекинди «вирустун жайылышынын алгачкы этабында Кытайдан эл аралык каттамдарга тыюу салбай, анын артында вирус бүткүл дүйнөгө тарады» деп айыптады.

АКШ президенти Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун дагы сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM