Биз менен байланышыңыз

Судан: Митинг учурунда каза болгондордун саны 100гө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 1389 | 0

Судандын борбор шаары Хартумда өткөн митингде каза болгондордун саны 100гө жетти. Бул тууралуу Судандын Саламаттыкты сактоо министри билдиргенин РИА Новости басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын көпчүлүгүнүн денелери Нил дарыясына ыргытылган. Бул кабарды жергиликтүү бийлик четке кагып, кагылышуу учурунда кайтыш болгондордун саны аз эле адамды түзөрүн айткан.

Ал эми, 4-июнда Судан оппозициялык комитетинин дарыгери Фейсбук баракчасында жан бергендердин саны 35тен ашып, жүздөгөн жаран жарадар болгонун билдирген болчу.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Судан армиясы Хартумдагы Коргоо министрлигинин имаратынын аянтында чатыр лагерин түзүшүп, Хартумдун борбордук көчөлөрүн бекитишкен. Бирок, бул митингчилерге багытталбай турганын, кылмышкерлерди кармоо операциясы жүргүзүлүп жатканын айтышкан. Ошондой эле, аскердик операция учурунда курал да колдонуларын, андыктан этият болуу керектигин эскертишкен. Ага карабастан нааразы болгон оппозиция тарап каршылык көрсөтүшүп, мындан улам, армия менен оппозициянын ортосунда жаатташуу күчөп, анын кесепетинен тынчтык акциясы массалык митингге айланган.

Эске салсак, 11- апрелде генерал-лейтенант Авад бен Ауф түз эфир аркылуу Судандын телеканалына чыгып, президент Омар аль-Баширдин кармалганын айткан. Өлкөдөгү башкаруучулук милдетти Судандын аскер кеңеши алган. Убактылуу 2 жылдык өкмөт түзүлүп, 3 айлык өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM