Биз менен байланышыңыз

Кытай айыл чарба тармагында кызматташууну сунуштады

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 707 | 0

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министринин орун басары Цюй Дунъюй менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуу, ШКУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн маселелери талкууланды.

Бактыгулова Кыргызстандын инвестициялык саясаты жана экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлор менен тааныштырып, Кыргызстанга Кытайдын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин өкүлдөрүнүн иш сапарын уюштурууга чакырды. Ошондой эле, айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоо боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлуусун камсыздоо өтүнүчүн айтты.

Ал эми Цюй Дунъюй айыл чарба технологиясы жана илимий багыттагы адистерди даярдоо, тамак-аш коопсуздугу, мал чарбачылык, айлана-чөйрөнү коргоо, айылдарды өнүктүрүү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оорулары менен күрөшүү тармактарында жана Түштүк-Түштүк кызматташтыгына көмөк көрсөтүүчү фонддун алкагында кызматташтыкты жандандырууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM