Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков үч өлкөдөгү элчилерди кабыл алды

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 575 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-мартта, өлкөнүн Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулованы, Швейцариядагы элчи Данияр Мукашевди, Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевди жана Казакстандагы элчи Жээнбек Кулубаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы Кыргызстандын элчилери жана башкы консулдары менен жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп, бул милдеттердин аткарылышына жана жасалган иштерине баа берилерин белгиледи.

Ошондой эле президент саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташууну чыңдоого ар бир өлкө менен кызматташуунун негизги багыттарын белгилеп өттү.

«Биз өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирип, болгон потенциалды толугу менен колдонушубуз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары ал чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону  эске салып, кыргызстандыктардын бул өлкөлөрдө шайлоо үчүн шарттарды түзүү керектигин белгиледи.

Канайым Бактыгулова менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасай турган  визитине жана Бишкекте июль айында өтүүчү ШКУнун Саммитине даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM