Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу Аки пресс басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык анын талапкерлиги Жогорку Кеңештеги профилдик комитетте каралмакчы.
Өлкөнүн Кытай жана Монголиядагы элчилик кызматын буга чейин Азамат Үсенов аркалап келген. Ал 2018-жылдын 4-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан алынган.
Эске салсак, Канайым Бактыгулова ТИМде 1996-жылдан бери иштейт. Ал буга чейин дагы 2013-2017 жылдары Кытай менен Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчилик кызматты аркалаган.