Биз менен байланышыңыз

Депутат: Элчиликтерге дасыккан талапкерлер сунушталды

Күн чабыт | 14 Янв 2019 | 1029 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин, Орусияга Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлигин,  Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын талапкерлигин, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын талапкерлигин көрсөттү. Бул талапкерлерди Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитети ушул жумада карайт.

Элчилерди дайындоо боюнча коомчулукта бир топ нааразы пикирлер бар, бул жолу чыны менен татыктуу талапкерлер дайындалабы? Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен “Күн чабыт” программасында маек курдук.

Марал: Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Корея чоң державалар. Бул мамлекеттер менен дипломатиялык мамилени сактап калуу өлкө үчүн маанилүү. Ошондуктан бул өлкөлөргө элчи катары дайындоого сунушталган талапкерлер жөнүндө оюңуз кандай, алар дасыккан талапкерлерби?

Абдывахап Нурбаев: Бул мамлекеттер экономикасы боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы он мамлекеттин катарында. Биз үчүн ал мамлекеттер менен мамиле куруу өтө маанилүү. Менин оюмда бул өлкөлөргө татыктуу эле талапкерлер дайындалганы жатат. Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитети 15-январда жогоруда айтылган талапкерлерди талкуулайбыз, алардын ой-пикирин да сурайбыз.

Марал: Мисалы, кайсы өлкөгө сунушталып жаткан талапкер эл өкүлү катары сиздин купулуңузга толуп турат?

Абдывахап Нурбаев: Түштүк Кореяга элчиликке талапкерлиги сунушталып жаткан Динара Кемелова боюнча жакшы ойдомун. Анткени аны менен комитетте иштештик, менимче ал элчиликке татыктуу талапкер.

Мындан тышкары, Канайым Бактыгулова да мурун Кытайда иштеген. Эл өкүлдөрүнө отчет да бергенде ишмердүүлүгү боюнча жакшы ойдо калганбыз.

Марал: Мисалы, азыркы күндө кыргыз коомчулугунда кытайларга каршы митингдер өтүп, жагдай курч десек болот. Бул өлкөгө дайындала турчу элчи Канайым Бактыгулова кытай менен болгон абалды, ички маселелерди жакшы билеби?

Абдывахап Нурбаев: Билет, ал буга чейин элчи болуп иштеген, Тышкы иштер министрлигинде да эмгектенди. Кыргызстандын азыркы акыбалын да жакшы билип калды, менин оюмча эми азыркы кыргыз-кытай мамилесин жөнгө салууда салым кошот.

Марал: Элчи дайындоодо жана ошол дайындалып келген элчилер жөнүндө да акыркы учурларда коомчулукта бир топ нааразылык болгону маалым.  Мисалы, алардын дипломатиялык жөндөмдүүлүгүнө эмес, керек болсо маданиятты жакшы билбеген адамдар да элчи болгону айтылып жүрөт. Ошол эле учурда, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси ар кандай билдирүүлөрдү жасады. Элчилердин өлкөнү таанытуусу, инвестиция тарта албай жатканы да маселе. Сиздин оюңузда элчилер эмне себептен инвестиция тарта албай жатышат?

Абдывахап Нурбаев: Анткени буга чейин оппозиция өкүлдөрүн же дагы кимдир бирөөгө жумуш жетпей калса мына ошол адамдарды элчиликке жиберип койгон учурлар болгон. Бирок азыр татыктуу эле талапкерлер сунушталды деген ойдомун.

Copyright © 2017 Maral FM