Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков «Жашыл жашоо — мыкты жашоо» Экспо-2019дун ачылышына катышат

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 614 | 0

Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын өндүрүмдөрүн сырткы рынокко, анын ичинде Кытай базарына чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова маалымдады.

Ал Кыргызстан биринчилерден болуп Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого алганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан бардык биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде транспорттук жана санариптик инфраструктураны ишке ашыруу кадамдарын жасоо боюнча так милдеттер коюлду.

Бүгүн, 28-апрелде, Президент Сооронбай Жээнбеков «Жашыл жашоо — мыкты жашоо» аттуу Экспо-2019 жарманкесинин ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле, «Эл аралык бак өстүрүү — 2019» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышып, Кыргызстандын улуттук павильону менен таанышат. Анда биздин өлкөнүн экологиялык таза, органикалык азык-түлүктөрү жана улуттук жасалгалары коюлат. Экспо-2019 бүгүн, 28-апрелде Пекин шаарында өзүнүн ишин баштайт жана 2019-жылдын октябрында жыйынтыкталат.

Ага 70 өлкө жана 20 эл аралык уюмдун катышуусу күтүлүүдө. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, көргөзмөнү 16 млн. адам көрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM