Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан голландиялык сүрөтчүнүн көзү менен (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 541 | 0

Бүгүн, 5- июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги голландиялык сүрөтчү Альберт Дросту дүйнөлүк масштабда Кыргызстандын туризминин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Ыраазычылык баракчасын» тапшырды.

Альберт Дростун Кыргызстандын жаратылышын өзгөчө кооз кылып тарткан сүрөттөрү буга чейин бир нече ирет эл аралык «National Geographic», «Time, The Daily Mail»  жана «Huffington post» журналдарына жарыяланып келген.

Ошондой эле, Альберт Дростун Кыргызстанда тарткан сүрөттөрү эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып келет.

Бүгүнкү күндө сүрөтчү соцалдык тармактар аркылуу чет өлкөлүктөргө Кыргызстанды таанытып, аларды адам колу тийбеген жаратылышты көрүп кетүүгө чакырып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM