Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «миллиондорду» териштирүүгө киришти

Саясат | 4 Июн 2019 | 520 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында аталган материал боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин жүрүшү талкууланды. Премьер-министр териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Серепчилердин айтымында, териштирүүнүн жыйынтыгы бийликтин жалпы жүзүн көрсөтөт, андыктан, өкмөт эл күткөн чечим чыгарууга мажбур.

Иликтөөдө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы эле Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев билдирди. Анын билдирүүсүнө караганда, 700 миллиондун ар бир тыйынынын мыйзамдуулугу боюнча изилдөө иштери уланууда.

— Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду 2014-жылы эле Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. 2016-жылы бул корутунду кайрадан КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына берилген. Учурда финансылык чалгындоо кызматы финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн. АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтешүүдө. Кеп «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары, ошондой эле, Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат.

Ал эми Финансы полициясынын төрагасы Бакир Таировдун маалыматында, өкмөт башчынын тапшырмасы менен ыкчам топ түзүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.

— Мухамедкалый Дүшекеевич бүгүнкү жыйында бизге тапшырмаларды берди, тагыраак айтканда, «Азаттыктын» эфиринен кеткен 700 миллион доллар боюнча бизде ыкчам топ түзүлдү. Азыр тийиштүү органдарга кагаздар жөнөтүлгөн, чоң топ иш алып барууда. Жыйынтыгы чыкса, толугу менен коомчулукка жеткиребиз.

Иликтөөнүн автору журналист Али Токтакунов 6 айдан бери бүтпөгөн иликтөөгө бир күндө жооп табылганына таң калганын айткан. Ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде дагы да ачыктала турган көп жагдайлар бар экенин белгилеп, Финполдун мындай жоопту эмнеге таянып айтып жаткандарына таң калганын жашырган эмес эле.

Бирок бүгүн иликтөө органдарынын кызматкерлери аталган иш боюнча байланышканын Али Токтакунов «Маралга» ырастады.

— Бүгүн байланышты. Жолугалы деген аракеттер болду. Бүгүн эми жолугам, балким маалымат алышат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүүнү тездетүү жана коомчулукка объективдүү маалымат жеткирүү тапшырмасын берди. Бирок бул тапшырманын аткарылуусуна өкмөт канчалык кызыкдар?

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде маалымат коомчулукка толук тарап кеткен соң, бийликтин фактыларды тактап, Матраимовдорду четтетүүдөн башка чарасы жок.

— Бийликте бир эле жол бар — Матраимовдорду күнөөлөп, фактыларды тактап, аларды бийликтеги ордунан толук четтетүү. Ушундай жолго барып изилдөө башталса, анда Жээнбеков позициясында калат жана рейтинги өсөт. Сооронбай Жээнбеков элге таянат.  Президент бийликти сактап калып, ошол эле учурда премьер-министрди да калтырам десе, көңүлүн элге буруп, коррупцияны жоюшу керек.

Иликтөөдөн чыгарылган жыйынтык бийликтин жүзүн толук көрсөтөт. Мындай пикирди юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик кызматтар Матраимовдордун байлыгын текшерүүгө кызыкдар эмес.

— 3-4 айдан бери финансы кызматтары Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерип, аягына чыга албай жатышат. Чыга да алышпайт! Чыккысы да келбейт, ага жүрөктөрү даабайт! Бул текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен бийликтин багыты, каалоосу айкындалат. Кыргызстандагы азыркы саясий бийлик байлыкка көз каранды. Бул мурунтан эле ушундай болгон. Атамбаевдин убагында да, бүгүн да. Ошон үчүн 700 миллион маселесинде, адилеттүү кадамга бийлик батынып баралбайт.

Эске салсак, журналист Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын бир туугандарынын мүлкүн иликтеген. Иликтөөдө Матраимовдор өлкөдөн 700 млн. доллар чыгарып кеткендиги айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM