Биз менен байланышыңыз

Матраимовдун жубайы тууралуу макаладан кийин Factcheck.kg сайты ачылбай калды

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 8671 | 0

Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын социалдык тармактарга жүктөгөн сүрөттөрүнө көз чаптырып, “майда-чүйдө” чыгымын Factcheck.kg сайты иликтеп “Фактың барбы?” Райымбек Матраимовдун жубайынын “майда-чүйдө” чыгымы» аталышындагы иликтөөсүн саат 16:оогө жакын жарыялаган, бирок андан көп өтпөй 18:00гө жакын аталган сайт иштебей калган.

Эки саат аралыгында аталган иликтөөнү социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкууга алып, сайттагы материалды 6500дөн ашык адам окуганга үлгүргөн. Ошол эле учурда 3 медиа өздөрүнүн сайттарына аталган иликтөөнү жайгаштырууга жетишишкен. Биз бул окуяны хакердик чабуул деп ойлойбуз. Себеби макала чындыгында эле, курч болчу. Мунун аягы кандай болору бизге белгисиз, себеби программист бизге так жообун айта албай жатат, — деп билдирди Factcheck.kg сайтынын кыргызча версиясынын редактору Асель Сооронбаева.

Ошондой эле, Асель Сооронбаева буга чейин сайтта мындай көрүнүштөрдүн болбогондугун,  каталар чыкса да, програмистер аны дароо оңдоп келгендигин кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Factcheck.kg сайты иликтеп чыккан макалада соцтармактардагы сүрөттөрдөн Матраимовдун жубайынын түрдүү кол сааттарга ээ экендигин, алардын арасынан “люкс” классындагы Hublot аттуу швейцар сааттары көп экендиги жана алардын ачык булактардагы баасы көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM