Биз менен байланышыңыз

УКМК Райымбек Матраимовду 5 сааттай суракка алган

Кыска кабар | 30 Ноя 2019 | 918 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Ал кандай суроолорго жооп бергенин, канча убакыт суралганын УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов айткан жок.

Райымбек Матраимов дагы суракка чакырылышы мүмкүнбү деген суроого да, Рахат Сулайманов “белгисиз” деп жооп берди.

Райымбек Матраимов суракка кечээ, 29-ноябрда түштөн кийин чакырылган. УКМКга кирип кеткенден кийин дээрлик 5 саат өткөндө чыккан Матраимов сурак туурауу комментарий бергенден баш тарткан. Сыртта күтүп турган журналисттерге “Кийин комментарий берем” деген жооп айтып, жан сакчылардын коштоосунда жол тандабаска отуруп кетип калган.

Райымбек Матраимов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини мындан эки жыл мурун өлтүрүүгө аракет кылып, кол салган фактыга байланыштуу күбө катары суракка чакырылганын Атайын кызмат билдирет.

УКМК билдиргендей, “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдарына ылайык сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM