Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 1407 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат.

УКМК журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланып жатканын билдирет.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды териштирүү жүрүп жатат.

21-ноябрда «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш байланыштары айтылат.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM