Connect with us

Журналисттик иликтөөнү териштирген комиссия Райымбек Матраимовду суракка алат

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 2783 | 0

«Азаттык», Kloop жана OCCRP уюму биргеликте жүргүзгөн иликтөө боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду суракка алат. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал Райымбек Матраимовду тергөө иштерине чакырылары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

Райымбек Матраимовдун үстүнөн кылмыш иши козголгон эмес. Ошондуктан анын өлкөдөн сыртка чыгуу, кайра келүүсүнө чектөө жок. Ал учурда Кыргызстанда. Тергөөнүн жүрүшүндө суракка чакырылат, — деди Дамир Сагынбаев.

Ал ошондой эле, Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн текшерүү создуктурулуп жатканын белгилеп, мында 10 миңдеген кишинин мүлкү текшерилип жатканын кошумчалады.

Биз бул текшерүүлөрдү бир гана Матраимовго карата эмес, 2018-жылы башталган декларациялык кампаниянын алкагында жүргүзүп жатабыз. Дээрлик 10 миңге жакын адам текшерилүүдө, — деп кошумчалады Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Эскерте кетсек, башкы прокуратура биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды сотко чейинки өндүрүшкө алып, аны жүргүзүү ишин уюштурууну УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырган. Кечээ УКМК, Ички иштер министрлиги жана финансы полициясынын тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлгөн.


УКМК Саймаити боюнча журналисттик иликтөөнү териштире баштады


 

Copyright © 2017 Maral FM