Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинде президент бир катар министрликтердин ишин сынга алды

Кыска кабар , Саясат | 24 Янв 2020 | 1149 | 0

24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда 2018-жылы коопсуздук кеңешинин жыйынында берилген тапшырмалар, коюлган талаптардын канча пайызы аткарылды? Негизги талаптардын бири болгон өлкөдөгү коррупция иштерине байланыштуу кандай чаралар көрүлгөн? Жетекчилер ушул жана башка ар кандай багыттагы маселелер боюнча  жасаган иштери тууралуу маалымат беришти. Деген менен президент Сооронбай Жээнбеков учурда коррупцияга каршы алгылыктуу иш болбой, министрлер жумуштарын чала аткарып жатканын сынга алды. Сот жана укук коргоо органдары тарабынан пара алып кармалган адамдар жазасын албай, эч кандай чара көрүлбөй жатканына токтолду.

24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында 2018-жылы өткөн  жыйында коюлган бир катар тапшырмалар кандай аткарылды? Коррупцияга кандай бөгөт чаралар коюлуп жатат. Ушул жана башка маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер отчёт беришти. Президент Сооронбай Жээнбеков: “Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамлекеттик бийликке бет чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз», — деп баса белгилеп, коррупция менен күрөш жүрүп жатканын, бирок анын жетишерлик деңгээлде натыйжалуу болбой жатканына токтолду:

— “Массалык маалымат каражаттары канчалаган коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктоодо. Көзгө сайып көрсөтүүдө. Жарандык коом ушунчалык колдоп жаткан соң, коррупцияга каршы күрөш токтобойт. Сиздер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөр жетектеген ведомстволордо жана министрликтерде реформалар жүргүзүлүп жатат деп бардык жерде айтып жатасыңар. Реформалар жөнүндө жарыялап коюу оңой. Аны реалдуу ишке ашыруу, өз ведомствосун коррупционерлерден тазалоо бул — башка нерсе. Бул жагында силер жүктөлгөн милдеттерди толук көзөмөлдөп аткара албай жатасыңар”.

Президент: Чечимдерге формалдуу мамиле кылган чиновниктер кызматтан кетет

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик органдар иш-чараларды аткарып жатканда алардын ишинде формалдуулук байкалып, бирок жасап жаткан иштерде эч кандай жыйынтык болбой жатканын айтты. Мунун себеби берилген тапшырмалар коюлган мөөнөтүнөн созулуп, кеч аткарылып жатканын билдирди:

Мамлекеттик органдар иш-чараларды аткарып жатканда формалдуулук байкалып жатат. «Санариптүү Кыргызстан» программасын ишке ашырууга багытталган комиссияны түзүү чаралары ишке ашкан жок. Бул долбоорду кармап жатат. Бардык эле мамлекеттик органдар «Түндүк» электрондук системасы боюнча өз ара иш алып барган жок. Андай органдардан ону бар. Алардын өлкөнү санариптештирүүдө коюлган чаралары жетишсиз. 

Президент: Лицензия берүү системасындагы коррупцияны жоюу жолдорун сунуштадык

Ошондой эле, Сагынбаев санариптештирүү боюнча Мектеп медицинасы” жана “Акылдуу мектеп” долбоорун киргизүү чечимдери аткарылбагандыгын, аны ишке ашыруу мөөнөтү 6 айга кечиккенин айтты.  Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 1-июнуна чейин кооррупцияга каршы стратегиянын жаңы долбоорун даяр кылышы керектигин да билдирди.  Анын айтымында, бир жагынан бул президенттин тапшырмасы, экинчиден, бул Коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн маселе экенин айтты.

Андан тышкары, “Санариптик Кыргызстан” Концепциясын ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн атайын парламенттик-өкмөттүк комиссияны түзүү чечими да аткарылган эмес.

«2018-жылдын алкагында өлкөнү санариптештирүүдө бир топ алгылыктуу иштер жүрдү»,- дейт Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев. Өлкөнү санариптештирүү ишинде жумушчу орундардын камсыздандырылышы жана айлык маяна маселеси каралган. Мындан аркы иштер, жалпы айыл-аймактарды санариптештирүү жана бул багыт боюнча иш алып барган адистерди көбөйтүү экенин айтты.

Догоев: Жарандардын санариптик сабатын жогорулатуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат

Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы сот жана укук коргоо органдарынын ишинин чабалдыгын сынга алды. Пара алып, мамлекеттин эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон кызматкерлер иштен кетпей, андан ары ишин улантып жаткандарга чара көрүлүүсүн тапшырды. Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруучулук тартиптердин шалаакылыгын жана көңүл коштугун моюнга алды. Берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбагандыгы үчүн 49 мамлекеттик кызматкерге карата чара көрүлүп жатканына токтолду:

Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыздан, көңүл кош мамилебизден. 22-январда жыйын өткөрүп, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык. Өкмөт санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимдерин 85% аткарып, тоо-кен тармагы боюнча иш 50% ашыгы менен жасалды.

«Кыргызстан үчүн керектүү жана жыйынтыктуу мыйзамдарды ар дайым кабыл алып беребиз». Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтып, эгерде министрлер кызыктар болсо, эч ким ал нерсеге тоскоол боло албастыгын белгиледи. Ошондой эле өлкөнү санариптештирүүдө ар бир мамлекеттик кызматкерлер иш алып барып, кабыл алынган мыйзамдар иш жүзүндө аткарылышы керек экендигине токтолду.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилерин жоопкерчилигин кароону айтты. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим минстрлигинин ишин сынга алып, коюлган бир катар иштерди тез арада аткарууну талап кылды.

Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2018-жылдын 8-февралында болуп өтүп, сот көзөмөл жана укук коргоо органдарына коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир топ талаптарды койгон эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM