Биз менен байланышыңыз

Президент: Чечимдерге формалдуу мамиле кылган чиновниктер кызматтан кетет

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 699 | 0

Кээ бир мамлекеттик органдарда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес жүрүүдө. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24- январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Мөөнөттөрү 6-7 ай мурда өтүп кеткен айрым иш-чаралар аткарылбай калууда. Мисалы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринде иш ойдогудай жүрбөй жатат. «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардан ыкчамдыкты талап кылам» , — деди мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт кыска мөөнөт ичинде Коопсуздук кеңештин чечиминдеги  ар бир иш-чара өз учурунда жана жогорку деңгээлде ишке ашырылышына бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирди.

«Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар. Санариптештирүү саясатына тоскоолдук кылуу, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу» , — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Премьер-министр, Жогорку Кеңеш Төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы, президенттик аппаратка кайрылып, министрликтерге, ведомстволорду максималдуу колдоп, санариптештирүү саясатын чогуу алып кетип, ишти тездетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM